Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар түшөт

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дүйшөмбү күнү, 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондоруна да кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасынасы 4-9 метрге чейин жетет.

Газификация жилого массива Кара-Жыгач - Sputnik Кыргызстан
Апрелге карата газдын наркы аныкталды
Чүй, Таласта түндө 2…7 градус жылуу, күндүз 11…16 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде түндө 6…1 градус, күндүз 13…18 градуска дейре көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 0…5 градус жылуу болуп, күндүз 7…12 градуска чейин жылыйт. Ал эми Нарында түндө 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылып, күндүз 7…12 градуска көтөрүлөт.

Бишкек менен Ош шаарында 9-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секунасына 4-9 метрге чейин жетет. Борбор калаада түндө 4…6 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 13…15 градусту түзөт. Ош шаарында түндө термометр +8…+10ду, ал эми күндүзү +15…+17ни көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0