Бишкектеги ишканадагы жарылуудан 20 жаштагы жигит каза болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алгандар да бар

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Профикс-Юг" жеке ишканасында жарылуу болуп, бир киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучулардын айтымында, окуя 11-апрелде болгон. Комиссия жарылуу эмнеден улам чыкканын тактоодо.

Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 28 жаштагы дагы бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бардык материалдар шаардык ШИИБге берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0