Бишкектеги №61 мектептин окуучулары көк жөтөлгө чалдыктыбы? Мэриянын жообу

Жазылуу
5-класстын 13 окуучусунан көк жөтөл дарты шектелип, алар мектепке келбей жатат

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-гимназиясынын окуучулары кабылган илдет көк жөтөл экени тактала элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Аталган мектепке 10дөн ашык окуучу көк жөтөл илдетине кабылды деген маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына шаар тургуну жиберген.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн редакция Билим берүү башкармалыгына байланышканда, бул мектепте чындан эле 13 окуучу ооруп жаткандыгын айтышты.

"5-класстын 13 окуучусу көк жөтөлдүкүнө окшогон белгилер менен бейтапканага кайрылып, бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык станцияга маалымат берилген. Бирок алар бул көк жөтөл же көк жөтөл эмес деп так маалымат бере элек", — деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, медиктер мурдунан суу агып, жөтөлүп жаткан балдар сакайганга чейин мектепке келбей турсун деп кеңеш бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0