Сапар Исаков УКМК имаратына кирип кетти. Видео

Жазылуу
Журналисттер Исаковдон УКМК эмнеге чакырылганын сураганда эч нерсе билбей турганын айткан.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кирип кетти.

Журналисттер Исаковдон УКМК эмнеге чакырылганын сураганда ал эч нерсе билбей турганын айткан.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырына чыккан Сапар Исаков тууралуу 5 факты
Буга чейин Исаков "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылганы кабарланган болчу.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.

19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0