УКМК Исаковду кайсы иш боюнча суракка чакырганы белгилүү болду

Жазылуу
Исаков бүгүн саат 15.00гө чакырылган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка эмненин негизинде чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Буга чейин Исаков өзү Facebook баракчасына УКМКдан чакыруу келгенин жазган.

"Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылды", — деди Сулайманов.

Официальный визит премьер-министра КР Сапара Исакова в РФ - Sputnik Кыргызстан
Райымбек Матраимов Сапар Исаковду сотко берди
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.

19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, отставкага кетирген.

Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0