УКМК: Тез жардам унаасы бизге күн сайын келет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСотрудник возле автомобиля скорой помощи
Сотрудник возле автомобиля скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Сапар Исаковду суракка чакырган болчу.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мекеме жайгашкан дарек боюнча Тез жардам кызматынын унаасы эмнеге келгенине түшүндүрмө берди.

Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков УКМКга эмне тууралуу сурак бергенин айтты
Ага ылайык, Тез жардам кызматы УКМКнын имаратына күн сайын процедуралык иштер менен келет. Анткени УКМКнын тергөө абагында отурган жарандар бар. Андыктан бүгүн келген Тез жардам унаасынын Сапар Исаковго эч кандай тиешеси жок.

Исаков "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылып, саат 15.00дө УКМКнын имаратына кирип кеткен болчу.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-январында ТЭЦте авария болуп, анын кесепети беш күндөн кийин жоюлган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери камакка алынган.

19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жылы жасаган ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Исаков башында турган министрлер кабинетин отставкага кетирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0