Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу аймакта жолдор тоңот.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-май күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыоматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерде 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Күн деги ысыйбы? Май айына карата аба ырайынын божомолу
Чүй менен Талас облустарында 11…16 градус жылуу болору айтылса, Ош, Баткен, Жалал-Абадда абанын температурасы 13…18 градуска чейин жогоруламакчы. Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 15…20 градус болуп көтөрүлөт.

Бишкекте жаан жаайт, күн 13…15 градуска чейин жылыса, Ош шаарында да күн жаап, 16…18 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0