Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 2-май күнү түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Талас облустарында абанын температурасы 15…20 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 17…22 градус ысык болору божомолдонду. Ысык-Көлдө 11…16, ал эми Нарында 13…18 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарында жаан жаайт. Күндүн табы 18…20 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0