Өзбекстандыктарга Ысык-Көлдүн мейманкана менен конок үйлөрү көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл жээгиндеги конок үйлөр. Архив
Ысык-Көл жээгиндеги конок үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 миллион калкы бар Өзбекстандан туристтерди тартуу Кыргызстандын экономикасы үчүн пайдалуу

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 22-23-майда Кыргызстандын туристтик компаниялары Ысык-Көлдөгү мейманканалар менен конок үйлөрү тууралуу айтып беришти. Бул тууралуу КРдин Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Вид на площадь Ала-Тоо в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек туристтер жазында көп каттай турган 10 шаардын катарында
Мындай иш-чара Маданият, туризм жана маалымат министрлиги, Ысык-Көл облусунун курортторунун ассоциациясы демилгеси менен жасалды.

Соода-өнөр жай палатасы 2017-жылдан тарта эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кадыресе жакшырганын, мамлекет аралык Ташкент — Тамчы аба каттамы ачылып, темир жол каттамы жанданып, жүк ташуу активдешкенин айтышты.

"Өзбекстанга курорттук жай катары Ысык-Көл жакын болгондуктан, өзбекстандык туристтерди тартуу кыргыз экономикасына алда канча пайдалуу", — дешти аталган палатадан.

Аталган эки күнү өзбекстандыктар жана шаар конокторуна кыргыз бермети — Ысык-Көл, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары жөнүндө айтып берип, туристтик операторлордун жолугушуусу уюштурулат.

Кыргызстан, анын ичинен Баткен облусу туристтерди кызыктырган жайлардын бири. Айгүл ачкан маалда алыстан, жакындан келгендердин аягы үзүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0