Жекшембиге карата аба ырайы: облустарда катуу шамал болушу мүмкүн

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү болжолдонууда.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Эртең, 6-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидометтен кабарлашты.

"Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши болжолдонуп жатат", — деп айтылган билдирүүдө.

Чүйдө, Таласта түнкүсүн 6…11, ал эми күндүзү 18…23 болот. Баткенде түнү термометр 10…15 болсо, күндүзү 21…26га көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абадда түндө 9…14 градус, күндүзү 20…25 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө аба ырайы түнкүсү 4…9, күндүзү 16…21ге чейин жогорулайт. Нарын облусунда түнкүсүн 3…8 градус болсо, күндүзү 15…20га чейин көтөрүлөт.

Кыргызгидомет 6-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0