Абылгазиев Ошко катардагы каттам менен учту. Видео

Жазылуу
Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Ош шаарына катардагы каттам менен учту. Өкмөт башчынын эл менен чогуу учакка отуруп жаткан видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов премьер катардагы эле каттам менен учуп келгенин тастыктады.

Заседание Совета правительства КР по фискальной и инвестиционной политике - Sputnik Кыргызстан
КР өкмөт башчысы Instagram тармагында баракча ачты. Эмне тууралуу жазууда
Белгилей кетсек, Абылгазиев Жалал-Абад менен Ош облусуна жумушчу сапары менен барары айтылган. Өкмөт башчы иш сапардын алкагында "Жалал-Абад" аэропортунун жаңы аэровокзалынын ачылышына катышып, шаардагы №6 мектептин курулушун көрмөк.

Ошондой эле Ош облусунда жазгы талаа иштерининин жүрүшүнө көз салып, Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлер менен жолукмак.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков дагы Ошко катардагы каттам менен барган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0