Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Шейшешмби күнү Кыргызстандын аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 21…26 градус жылуу болсо, Таласта күндүн табы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 21…29 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө 14…19, ал эми Нарында 15…20 градус болору болжолдонду.

Бишкек шаарында 22…24, Ошто 26…28 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0