Мэрия Бишкектин Лермонтов көчөсүнүн ремонту качан аяктарын айтты

Жазылуу
Учурда ал жакта оңдоо иштери баштала элек, бирок көчө жабылды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Лермонтов көчөсүнүн Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү (1,5 чакырымдай) күз келгенче оңдолуп бүтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Ремонт дорожного полотна в Москве - Sputnik Кыргызстан
Быйыл оңдоло турган Бишкек шаарындагы жолдор. Карта
Учурда Лермонтов көчөсүнүн Жибек Жолунан Салиевге чейинки бөлүгү жабылды. Ал жакта газ куурлары алмаштырылууда.

Бул көчө аркылуу оор жүк ташуучу автоунаалар көп жүргөндүктөн жолдун абалы начар. Акыркы жолу качан оңдоо иштери жүргөнү белгисиз. Мэрия бул тууралуу маалымат кийинчерээк берилет деп ишендирди.

Быйыл Бишкекте жалпысынан 38 чакырым жол оңдолот. Ошондой эле арыктар менен көчөнүн четиндеги тосмолор калыбына келтирилип, жол белгилер коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0