Бишкекте түндө жер титиреди

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкинүүсүн калаа тургундары да байкап, социалдык тармактарга жазып чыгышты.

БИШКЕК, 13-май. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарына жакын аймакта магнитудасы 4,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европанын жер ортолук деңизинин сейсмология борборунан (EMSC) билдиришти.

Жердин силкинүүсүн калаа тургундары дагы байкап, социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Сейсмология борборунун маалыматына ылайык, зилзала жергиликтүү убакыт боюнча 13-май күнү 02.14тө болгон. Титирөөнүн очогу борбор калаанын батыш тарабынан 20 чакырым алыстыкта, бир чакырым тереңдикте болгондугу аныкталган.

​Учурда жабыркагандар менен кыйроолор тууралуу кабарлана элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0