Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Природа в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, 14-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 19…24 градус жылуу болсо, Талас облусунда 18…23 градус нөлдөн жогору болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарында күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлүп, Ысык-Көл менен Нарында 17…22 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жамгыр жаап, абанын температурасы борбор калаада 17…19, ал эми Ошто 22…24 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0