Согуш талаасындагы Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Бир чара балык, боз үйдө жашаган асылдар. Бакайдын жайытынан таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бир чара балык, боз үйдө жашаган асылдар. "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт
СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева менен Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун жана Украина фронтунун жоокерлеринин сүрөтү 1942-жылы тартылган.

Ал жылы Кыргызстанда атайын концерттик бригада түзүлүп, фронтко маданият кызматкерлери жиберилген. Артисттер согуш талаасында жоокерлер үчүн айлап концерт коюшкан.

Опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын күйөө баласы Уразбай Иманалиев сүрөт тууралуу буларды эскерет.

"Алар Улуу Ата Мекендик согуш маалында ачык асман алдында күнүнө үч-төрт, кээде алты-жети жолу концерт берген учурлары болгон. Чыгармачылык топтун курамына композитор Владимир Власов, ырчылар Мариям Махмутова, Муса Баетов жана башка артисттер кирген. Фронтто жалпы жонунан эки айдын ичинде жүзгө жакын концерт коюшу керек экен. Бирок алар кан майданда жоокерлерди таштап кете албай, дагы узак мезгилге калып, 400гө жакын иш-чараларды уюштурган. Маданият кызматкерлери токой аралап, талаа кезип, аскер бөлүктөрүндө кыргыз, орус, украин, өзбек тилдеринде чыгармаларды аткарышкан", — деди Иманалиев.

Сүрөт тартылган маалда Сайра Кийизбаева 25, Муса Баетов 40 жашта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0