Бишкектин жака белинде фура менен унаа кагышты. Видео

Жазылуу
Кырсыктан бир киши каза таап, эки аял жабыркаган.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышты. Анын кесепетинен бир киши каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББден маалымдашты. 

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышты
ДТП на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышты

Билдирмеге караганда, жол кырсыгы дүйшөмбү күнү саат 14.30дар чамасында ГЭС-5ке кайрылган жерде болгон. 

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиБишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышты
ДТП на трассе Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жеңил авто кагышты

"Ford Focus үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бараткан. Айдоочу рулду башкара албай калып жолдун четине урунуп, жолго себилген шагылдан улам каршы тилкеге сүрүлүп барып MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны капталы менен сүзгөн", — деп милициядан билдиришти.

Окуянын кесепетинен жеңил унаанын алдында отуруп бараткан 50 жаштагы жүргүнчү ошол жерден жан берген. Ал эми анын жубайы менен дагы бир жүргүнчү аял түрдүү жаракаттарды алган.

Топтолгон материалдардын бардыгы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0