Бишкекте кичи автобус күйүп кеткен видео

Жазылуу
Окуяга күбө болгон кишинин айтымында жалын в 21.30дар чамасында тутанган.

Борбор калаада кичи автобус күйүп кеткендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү болгон адам кабарлады. 

Анын айтымында, кырсык 27-июнда саат 21.30дар чамасында "Жал" кичи районундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жанында болгон.

"Өрт чыкканда ал жерден эч кимди көрбөгөндүктөн, айдоочу автоунаасын таштап, ары басып кеткен го деп ойлодук. Өрт өчүрүүчүлөр тез эле жетип келип, жалынды өчүрүп коюшту", — деген ал.

ӨКМден бул окуя тастыктап, эч ким жабыркабагандыгын кошумчалашты

Жаңылыктар түрмөгү
0