Бишкекте эки машина кагышып, балдар жабыркады. Жеринен тартылган сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП с участием двух автомобилей в Бишкеке
ДТП с участием двух автомобилей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган балдар ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте 29-июнь күнү кечинде эки автоунаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди. 

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуАхунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүндө Toyota Camry менен Honda Stepwgn кагышты.
ДТП с участием двух автомобилей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүндө Toyota Camry менен Honda Stepwgn кагышты.

Ага ылайык, жол кырсыгы кечки саат 23:00дөр чамасында Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүндө болуп, Toyota Camry менен Honda Stepwgn кагышкан.

Бишкек шаардык милициясы маалыматты тастыктады. Ал эми шаардык Тез жардам кызматы жол кырсыктан 13 жаштагы эки өспүрүм жабыркаганын билдирди. Алар балдардын шаардык №3 ооруканасына жеткирилген.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0