БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Instagram фотосервисинин колдонуучулары мындан ары Stories бөлүмүнө жүктөгөн постторун музыка менен коштой алат. Жаңы функция тууралуу социалдык тармактын расмий сайтында жарыяланды.
"Мындан ары кандай гана пост болбосун, ага өзүңүзгө жаккан музыканы саундтрек катары коюп койсоңуз болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Instagram Stories Gets New ‘Music’ Feature https://t.co/9GjI7uGAPq pic.twitter.com/LPK9mQDBif
— iOS Hacker (@iOSHacker1) 29 июня 2018 г.
Stories бөлүмүнө музыка киргизүү үчүн стикерлер кнопкасын бассаңыз, ар кайсы тематикадагы чыгармалар сунушталат. Алардын арасынан өзүңүзгө жакканын тандашыңыз керек.
Сиз тандаган музыка сүрөттү же видеону ар бир көргөн сайын жаңырып турат.