Бишкекте эки жашар бала көпүрөдөн кулап, сууга чөгүп кетти

Жазылуу
Наристенин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Борбор калаада эки жашар бала сууга чөктү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя 27-июль күнү болжол менен саат 18:00дө батыш автовокзалы жакта катталган.

"Наристе Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан Ала-Арча суусунунун үстүндөгү көпүрөдөн кулап кеткен. Анын бир жагында эч кандай тосмо орнотулбагандыктан, көпүрө кооптуу деп эсептелчү", — деди күбө.

Суугу түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адамдын сууга чөгүп жатканын кантип билсе болот? Куткаруучунун кеңеши
Укук коргоо органдары Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдагандай, кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү баланы суудан алып чыгууга аракет кылып, бирок кармай албай калышкан. Сөөгү кийинчерээк Чоң Чүй каналынан табылган. Ал эки жарым жашта болчу. ӨКМдин маалымат кызматы билдирүү 18:13тө түшкөнүн айтып, бирок куткаруучулар баргычакты күбөлөр баланын сөөгүн алып чыгып коюшканын билдиришти. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0