Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабай турганы айтылды.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Дем алыш күнү Кыргызстандын айрым жерлерине кыска мөөнөттүү жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн — 13…18, күндүзү — 27…32 градуска жылыйт. Таласта түнкүсүн — 9…14, күндүзү — 26…31 градус нөлдөн жогору болот.

Нарын менен Ысык-Көлдө бир аз салкынынаак. Нарындыктар түнкүсүн — 6…11, күндүзү — 23…28 градус жылуулукту сезсе, Ысык-Көлдө күндүз аба 22…27 грудуска чейин ысыйт.

Өлкөнүн түштүгү, тагыраагы, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары күндүзү 31…36 градуска көтөрүлөт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн абанын табы +16..+18, күндүзү  +30…+32 градуска чыгат.

Ош шарында түнкүсүн — 17…19, күндүзү — 32…34 градус ысык болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0