Бишкек менен Чүйдүн бир катар бөлүгүндө 30-июль күнү жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Актан ТемиркановМайлуу-Сууйский ламповый завод
Майлуу-Сууйский ламповый завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын бригада оңдоо иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүй облусунун айрым жерлеринде дүйшөмбү күнү, 30-июлда жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

— 09.00-18.00 — Манас, Үч-Коргон көчөлөрү, Жети-Өгүз туюк көчөсү менен "Чыгыш-5" кичи району (№29, 30, 31 үйлөр);

— 09.00-17.00 — Токтоналиев көчөсү (№62а үй).

Чүй облусунун айрым аймактарында эртең мененки саат 09.00дөн 17.00гө чейин жарык жок болот:

— Сокулук району — Жаңы-Пахта айылы (Больничная, Садовая, Восточная, Школьная, Западная көчөлөрү, Сагынбаев, МТФ туюк көчөсү), Сокулук (Белинский, Советский, Токтогул, Калинин, Ленин, Мичурин көчөлөрү);

— Жайыл району — Кара-Балта шаары (Кыргызстандын 40 жылдыгы кварталы, №33-35 үйлөр);

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө күн кандай болот? Бир жумага карата аба ырайы
— Аламүдүн району — Арашан, Чуңкурчак, Татыр айылдары (Аламүдүн, Бектенбаев көчөлөрү), Ленин ("Бакай" базарынын аймагы жана Набережный, Алма-Ата, Виноградная, Восточная көчөлөрү), Луговое (Алма-Ата, Кичи ГЭС көчөлөрү), Васильевка (Северная, Набережный, Фрунзе, Октябрь көчөлөрү, бала бакча менен медициналык пункт), Берлик (Айдаралиев көчөсү), Төмөнкү-Ала-Арча (Короткая, Новая, Коллекторная, Кыргыз, Украинская, Тихая, Зеленая, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү), Беш-Күңгөй (Кой-Таш көчөсү, дачалар менен токой чарбасында), Кой-Таш (дачаларда), Карл-Маркс (22-партсъез, Шоссе жана Фрунзе көчөлөрү).

Жаңылыктар түрмөгү
0