Таңда Ысык-Көлдө жер титиреди

Жазылуу
Тамга жана Барскоон айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн аймагында 30-июль күнү саат 4:00дө күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Силкинүүнүн очогу Барскоон айылынан түштүк-чыгышты карай 13 чакырым, Тамга айылынынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Каракол шаарынан түштүк-батышты карай 76 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ошондой эле Тамга жана Барскоон айылдарында титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0