Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аяндында фонтанда түшүп жаткан балдар. Архив
Ала-Тоо аяндында фонтанда түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дем алыш күндөрү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ишемби күнү, 4-августта абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +26…+31 градуска жетет. Ысык-Көл менен Нарында 23…28 градус нөлдөн өйдө болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 29…34 градуска чейин жогорулай турганы маалым болду.

Бишкекте абанын температурасы 31…33, Ош шаарында 32…34 градус ысык болот.

Жекшемби, 5-август күнү Чүй өрөөнүндө күндүз +30…+35, Таласта +28…+33 градус  болушу божомолдонууда. Нарын жана Ысык-Көл облустарында абанын температурасы 24…29 градуска көтөрүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 31…36 градус нөлдөн жогору болот.

Ал эми Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +32…+34 градус боло турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0