Тамак-аш чыры боюнча аты чыккан милиционерди кызматка кайра алышты

© ok.ru/ бакыт жукалаевИнспектор Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения Бакыт Жукалаев
Инспектор Главного управления обеспечения безопасности дорожного движения Бакыт Жукалаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин автоинспектордун жалпы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн иштен алынгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Тамакка таштанды салып жиберди деген чырдын каарманы милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаев кызматына кайра турду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Чашка с борщом - Sputnik Кыргызстан
Боомдогу окуя: жол инспектору канча сомдук борщ үчүн иштен алынды
Жукалаев чатакка чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККБ) Ысык-Көл облустун бөлүмүндө (Тоң районунда) иштеп келген.

Эске салсак, ЖКККБнын формасын кийген адам Боом капчыгайында жайгашкан кафелердин биринде тамактанып отуруп, тамакка ыпыр-сыпыр кошуп салган сыяктуу видео интернетке тарап кеткен. Бирок видеонун каарманы, милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаев бул маалыматты чындыкка коошпойт деп айтып чыккан. Анткен менен 21-июнда анын кызматынан алынганы жарыяланган. Буга анын жалпы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү себеп болгондугу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0