Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-авг — Sputnik. 8-августта республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүн табы Чүй облусунда 32…37 градуска чейин көтөрүлөт Талас өрөөнүндө 30…35, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында 27…32 градус ысык болору маалым болду. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37 градус нөлдөн жогору болушу күтүлөт.

Ал эми ордолуу Ошто жана Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 35-37 градус ысык болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0