Бишкектеги кооптуу кесилиш! Бир күндө дагы эки жол кырсык болду. Сүрөт

© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналДТП на пересечении улиц Орозбекова в Бишкеке
ДТП на пересечении улиц Орозбекова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки айдоочу жаракат алып, ооруканага кайрылды.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектеги Орозбеков жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"19-август күнү саат 19.00дө Honda Fit жана Mercedes-Benz унаалары сүзүшкөн. Эки айдоочу тең жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылышты", — деп айтышты милициядан.

Бишкекте үч унаа кагышкан жол кырсыгы болду - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үч унаа кагышып, бир аял ооруканага жеткирилди. Видео
Экинчи жол кырсыгы тууралуу редакцияга күбө билдирип, сөрөттөрдү жиберген. Анын айтымында, 20-августка караган түнү Volkswagen Passat жана Nissan X-TRAIL унаалары кагышкан. Жеңил унаа Орозбеков көчөсү менен келе жатып, Баялинов негизги көчө экенине карабай Nissan X-TRAIL автосуна жол бербей койгон. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.

Дал ушул жерде оңдоо иштери жүрүп, жол белгилери жок болгондуктан, буга чейин да бир нече жол кырсыгы катталган. Алар тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашкан

Жаңылыктар түрмөгү
0