Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. 26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй менен Таласта 23…28 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлсө, Баткенде андан бир градуска жогору болот. Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Борбор калаада 26…28 градус ысык болсо, Ошто 27…29га жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0