Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубеков: өкмөт ишкерлер менен ийкемдүү иштешсе өлкө өнүгөт

© Sputnik"Чаарат Заав" ЖАКтын директорлор кеңешинин жетекчисинин кеңешчиси, серепчи Улукбек Турдубеков
Чаарат Заав ЖАКтын директорлор кеңешинин жетекчисинин кеңешчиси, серепчи Улукбек Турдубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чаарат Заав" ЖАКтын директорлор кеңешинин жетекчисинин кеңешчиси, серепчи Улукбек Турдубеков ишкерлерден мамлекет пайда алуусу үчүн алгач ишкерликти колдоо зарылдыгын айтты.
Турдубеков: өкмөт ишкерлер менен ийкемдүү иштешсе өлкө өнүгөт

Өкмөт ишкерлер менен ийкемдүү иштешсе өлкө өнүгөт. Ал үчүн тиешелүү мекемелер жоопкерчиликтен качпашы керек. Мындай пикирин Улукбек Турдубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер сүйлөшүүлөргө дайым ачык.

"Бизде өкмөт мүчөлөрү жоопкерчиликти алгысы келбейт. Ишкерлерден талап кылаардан мурда алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызыкчылыктарды ортого салып, ийкемдүү мамиле түзүлүшү шарт. Бизде бат-баттан өкмөт башчы алмаша бергендиктен да бизнес тармагы өнүкпөйт. Ишкерлер бир өкмөттүн аппараты менен иштешип баштайт. Аз убакыттан соң эле башкасы келет. Жасалып баштаган долбоорлор кечеңдейт же такыр эле токтойт. Жыйынтыгында беделдүү инвесторлорду жоготобуз. Чакан жана орто бизнес ээлери жабыркайт. Ошондуктан качан гана өкмөт менен ишкерлер жалпы кызыкчылыкты көздөп, ийкемдүү иш алып бара баштаганда өлкө өнүгөт", — деди Турдубеков.

Ал өлкөнүн ишкерликти өнүктүрүүдө стабилдүүлүк башкы маселе экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0