Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Республика боюнча 28-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29 градус ысык болот.

Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +20…+25, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32 градус ысык болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын температурасы +28…+30 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0