Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГоры на стыке Иссык-Кульской и Нарынской областей
Горы на стыке Иссык-Кульской и Нарынской областей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +18…+23 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн күркүрөп, жаан жаашы болжолдонду. Абанын температурасы аталган эки шаарда +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0