"Арзу" кафесинде чыккан өрт 7,5 сааттан кийин өчүрүлдү

© Sputnik / Нурис АлымбаевПожар в кафе "Арзу" в селе Лебединовка
Пожар в кафе Арзу в селе Лебединовка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Лебединовка айылындагы "Арзу" кафесинде чыккан өрт 7,5 сааттан кийин толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо 2-сентябрь күнү таңкы саат 04.30да толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрт 2000 чарчы метрди жалмаган. Учурда анын келип чыгуу себептери такталууда жана жабыркагандар жок", — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, өрт тууралуу билдирүү 1-сентябрда саат 21.09да ӨКМге келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 16 унаа тартылган. Буга чейин кафенин кызматкерлери ашканадан учкун чыгып, андан соң газ баллон жарылгандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0