Өзбекстандын көк бөрү командасы Башкыртстандын курамасын жеңип алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЧемпионат Республики Алтай по национальной игре "Кок-бору"
Чемпионат Республики Алтай по национальной игре Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 20:1 эсебинде жыйынтыкталды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзбекстандын көк бөрү боюнча курама командасы Башкыртстанды 20:1 эсебинде утту.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз көк бөрүчүлөрү монгол командасынын чаңын асманга сапырды
Беттештин биринчи бөлүгү 8:0 эсебинде өзбекстандык спортчулардын жеңиши менен жыйынтыкталып, экинчи бөлүгүндө Башкыртстандан келген оюнчулар каршылаштарынын тай казанына бир эле улак таштоого үлгүрүп, оюн 15:1 болуп аяктады. Ал эми соңку күч сынашууда коңшу өлкөнүн оюнчулары атаандаштарына дагы беш улак таштап эсеп 20:1 менен аяктады.

Ага чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Монголиянын улакчыларын баш көтөртпөй, 29:5 эсебинде жеңип алган.

Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өтүп жаткан мелдеште жалпы 11 команда ат салышууда.

Көк бөрүнү ойноо тартиби менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар

Жаңылыктар түрмөгү
0