Япондордон кем калышпайт. Кыргыз футбол күйөрмандары стадионду тазалашты

Жазылуу
6-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы футбол талаасында Кыргызстан менен Палестинанын командалары беттешкен.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын 6-сентябрдагы жолдоштук беттешинен кийин отурган жерлерин тазалап кетишти. Анын видеосун Берен Самидин уулу аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жайгаштырды.

Видеодон оюн аяктагандан кийин төрт-бештей бала отурган орундуктарды тазалап жүргөнүн көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы футбол талаасында өтүп, командалар 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Вороны собирают окурки и мусор во французском парке — видео - Sputnik Кыргызстан
Шумдугуң кур! Франциядагы сейил бакты тазалаган карганын видеосу
Оюндун жүрүшүндө кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев кармаштын экинчи мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачса, Одай Дабагг 39-мүнөттө топту дарбазага киргизип эсепти теңеген. Кийинки мүнөттөрдө эки команда тең гол киргизе алган жок.

Эми кыргызстандык футболчулар 10-сентябрда Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн Бишкекте Сириянын курамасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, быйыл Россияда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда япониялык күйөрмандар оюн аяктагандан кийин отурган орундарын тазалап кеткени көпчүлүктү суктанткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0