Бишкектеги 20 көчөдө жарык өчөт. Тизме

© AFP / LEON NEALМагазин электротоваров в Лондоне
Магазин электротоваров в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык оңдоо жана алдын алуу иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 19-сентябрда Бишкектин 20 көчөсүндө жарык болбойт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Бул күнү эски электр зымдары алмаштырылып, айрым көмөк чордондор оңдолот.

Жарык болбой турчу көчөлөр:

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин "Достук" кичи районундагы №6 үйдө;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Серегин менен Великолукская көчөсүндө, 7чи жана 12-кичи районундагы №2-6, 12, 13 үйлөрдө, ошондой эле Бакай-Ата конушундагы Анар, Арашан, Ак-Сай, Нооруз, Кошой, Ак-Балта көчөлөрүндө жана Көк-Жар конушундагы Куйручук менен Тоң көчөлөрүндө;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин Мусулманкулов, Кожомкулов көчөлөрүндө, Чоң-Арык айылында;

Саат 9:30дан 19:00гө чейин "Бишкекшаарсууканал" ишканасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында;

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин Абдымомунов менен Киев көчөлөрүндө;

Саат 13:00дөн 18:00гө чейин Москва жана Некрасов көчөлөрүндө;

Саат 15:00дөн 17:00гө чейин Жаш Гвардия проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0