Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчөт. Тизме

Жазылуу
Электр энергиясы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Эртең, 6-октябрда Бишкектин бир катар аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Ак-Бата конушундагы 12-14-көчөлөр, Көк-Жар конушундагы Арстанбап, Чар, Кулмурзаев көчөлөрү.

09.00-19.00 — Байтик баатыр көчөсүндөгү №4, 4А үйлөр, Саманчы көчөсүндөгү "1-3, 3А, 3Б үйлөрү;

09.00-19.00 — Дордой конушу, Осмонкул көчөсү менен ЧЧКнын кесилишкен жери;

08.00-17.00 — Достук кичи району, 110-квартал, Касым жаңы конушу, Патрис Лумумба, Волкова, Профсоюз, Кайназарова, Месароша көчөлөрү;

09.30-18.00 — Репин, Валдайская көчөлөрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0