Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматова: келиндер бойго бүткөнгө чейин медициналык кароодон өтүшү зарыл

Жазылуу
Дарыгер Шарниса Нурматова үй-бүлөнү пландап куруу маанилүү экенин айтты.
Нурматова: келиндер бойго бүткөнгө чейин медициналык кароодон өтүшү зарыл

Келиндер кош бойлуу болгонго чейин сөзсүз медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу Шарниса Нурматова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дени сак ата-эне дени сак баланы жарыкка алып келет.

"Ата-эне болууну каалап жаткан эки жаш убагында керектүү медициналык анализдерди тапшырышы керек. Келиндер пландуу түрдө бойго бүтүрсө, пландалган, кааланган, ден соолугу чың бала жарыкка келет. Кош бойлуу болгонго чейин болочок эне ооруган жерлерин дарылып, өзүн кароого милдеттүү. Жарыкка келчү наристенин апасынын да, атасынын да дени сак болууга тийиш", — деди дарыгер.

Ал кош бойлуу аял сөзсүз жашаган аймагынан каттоого турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0