Базарда апасы менен соода кылган модель кыз соцтармакта сөз болууда

Жазылуу
Тайвандык интернет колдонуучулар балык базарында соода кылып жаткан сулуу кыздын сүрөтүн Facebook аркылуу бөлүшүүдө.

Балык базарында соода кылган апасына жардам берип жүргөн тайвандык модель кыз социалдык тармакта жылдызга айланганын Shanghai.ist порталы жазды.

Интернет колдонуучулардын бири Facebook баракчасына "Апа, мындан ары сизге базардан балык алууда дайыма жардам берем" деп кыздын сүрөтү менен видеосун бөлүшкөндөн кийин башкалар да аны менен бөлүшө баштаган.

Кийин базарда балык сатып жаткан кыз 26 жаштагы модель Лю Пэнпэн экени белгилүү болгон. Ал интернет колдонуучуларга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, эртең да базарга чыга турганын жазган.

Лю эртең менен базарга келгенде алардын соода күркөсүнүн жанынан көп кишини көргөн. Айрымдары балык алууга ашыкса, кээси кыздын иштеп жатканын сүрөт, видеого тартып алышкан. Жергиликтүү телеканалдар да окуя тууралуу маалымат таратышкан.

Моделдин апасы кызы ага аябай комкордук көрөрүн жана бош убактысы болуп калса дайыма жардам берерин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0