Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Светлана ФедотоваКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-декабрда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эртең, 20-декабрда, өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаашы ыктымал. Мындан улам жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5 градуска чейин, Таласта —1…-6 градуска чейин төмөндөйт.

Ысык-Көлдө —3…+2 градуска чейин жылуу болсо, Нарын аймагында —2…-7 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 5 градуска чейин жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы —5 градуска чейин суук, Ош шаарында +2…+4 градус жылуу болору болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0