Быйыл Бишкектин ижарадагы жерлеринен 500 млн. сомдон ашык акча чогулду

Жазылуу
Калаа бийлиги мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жатканын, ошондой эле сегиз гектар жерди кайра мэриянын карамагына өткөргөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкектеги ижарага берилген муниципалдык жерлерден 505 миллион сом чогултулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, акчанын 100 миллиону эки айдын ичинде чогултулган. Ошондой эле сегиз гектар жер кайра мэриянын карамагына өткөрүлдү.

Андан сырткары, Жер ресурстары башкармалыгы шаар ичиндеги тилкелерди ижарага алып, акысын төлөбөй жүргөн жеке тараптарга эскертүү берип, 200 миллион сом өлчөмүндөгү карызды өндүрүү үчүн сотко берүүгө даярданууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0