Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
1-январда республиканын көпчүлүк аймактарында күн бүркөлөт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-январь, шейшембиде, өлкө боюнча күн бүркөлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Талас облустарын туман каптап турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда шамалдын багыты өзгөрүлүп, Нарын аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй жана Баткен облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абадда +4…+9, Ысык-Көл, Талас аймагында 0…+5 градус жылуу болсо, Нарында —8…-13 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларын туман каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +6…+8, Бишкекте +3…+5 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0