Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатырчан аял. Архив
Кол чатырчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 20-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жана Талас өрөөнүндө 0…+5 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде —8…-13 градус суук болушу күтүлөт.

Ош шаарында кыска убакытка кар жаайт. Абанын температурасы +3…+5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында +2…+4 градус жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0