Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таджикистан
Страны мира. Таджикистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 29-январда республиканын көпчүлүк райондорунда күн ачык болору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас облусунда +6…+11 градуска жетет.

Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө —4…-9 градус суук, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +9…+11 градус болушу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0