Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө —2…+3, Талас облусунда —1…+4 градус болору айтылды.

Ысык-Көл жергесинде —3…+2, Нарын аймагында —4…-9 градус суук, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош менен Бишкек шаарларында кар жаап, абанын температурасы Ошто +3…+5, Бишкекте —1…+1 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0