Көлдө эки милиционер бүлөсү менен кырсыктап, 4 жашар кызы жана атасы мүрт кетти

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиСотрудник милиции Бейшембай Боронбай уулу погиб в ДТП
Сотрудник милиции Бейшембай Боронбай уулу погиб в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 22-февраль күнү саат 21.30да Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болду.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгында 29 жаштагы милиция кызматкери жана анын төрт жашар кызы көз жумду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Окуя 22-февраль күнү саат 21.30да Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болду.

Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдогу жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды
Автоунаада милиционердин жубайы, 10 жаштагы кызы, үч жаштагы уулу жана досу үй-бүлөсү менен болгон. Алар учурда Түп райондук ооруканасында оор абалда жатканы айтылды.

Милициянын алдын ала маалыматына караганда, Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, милиция кызматкери айдап келе жаткан Audi 100гө урунган.

Кырсыктын кесепетинен милиционер менен төрт жаштагы кызы көз жумду.

Мындан тышкары, жолтандабастын бир жүргүнчүсү дагы ооруканада экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0