Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бабакулов: Сауд Аравияга барган жаныбарлардын баары кайтып келет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Көчмөндөр ааламы" долбоорунун жетекчиси Айбек Бабакулов
Көчмөндөр ааламы долбоорунун жетекчиси Айбек Бабакулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көчмөндөр ааламы" долбоорунун жетекчиси Айбек Бабакулов 9-марттан 23-мартка чейин Сауд Аравияда өтө турган Camel Fest фестивалына эки миңдей кыргызстандык "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалга катыша турганын айтты.
Бабакулов: Сауд Аравияга барган жаныбарлардын баары кайтып келет

Бул масштабдуу иш-чарага катышуу үчүн өнөрпоздор менен бирге ат, ит, топоз жана куштар дагы барат. Бул тууралуу Айбек Бабакулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Сауд Аравияга барган жаныбар, канаттуулардын баары кайра Кыргызстанга кайтып келет.

"Camel Fest фестивалына кетип жаткан маданият өкүлдөрү, спортчулар, техникалык кызматкерлер, кол өнөрчүлөр, федерация өкүлдөрү жана уюштуруучулар менен бирге барган жаныбар, канаттуулар кайра өлкөбүзгө кайтып келет. Ал жакта калып калат, же сатылып кетет деп тынчсыздануунун кажети жок. Ал нерсеге биз уруксат бербейбиз. Жаныбар, канаттууга протокол түзүлүп, өзүнчө документтер берилген. Анын үстүнө канаттуулардын ар биринин ээси бар. Канча канаттуу кеткен болсо, кайра ошончо кайтып келет", — деди Бабакулов.

Ал мындай иш-чаралар кыргыз маданиятын чет элдиктерге таанытууга өтө чоң салым кошорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0