Баш кесерге иш бар! Шри-Ланкада өзгөчө кесиптин ээси тандалууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКонкурс лесорубов в Новгородской области
Конкурс лесорубов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шри-Ланкада баш кесер боюнча жарыяга жумуш издеп жүргөн 102 киши жооп берген. Бул туурадуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта аталган жарыя жергиликтүү бийликтин баңгизат саткандарга өлүм жазасын кайтаруу чечиминен кийин чыккан.

Тюрьма города Даллас - Sputnik Кыргызстан
АКШда өлүм жазасынын ишке ашырылышын 11 жыл күткөн киши өз жанын кыйды
Ага ылайык, баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек. Андан тышкары, "адеп-ахлагы бийик", акылдуу жана токтоо болушу шарт. Дагы бир талап боюнча баш кесер болуп Шри-Ланканын жараны гана иштей алат, мындан улам талапкерлигин сунуштаган америкалык жаран терс жооп алган.

Белгилей кетсек, акыркы 43 жылдан бери кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу боюнча соттун бир нече чечимине карабай, бул өлкөдө мындай катуу жаза ишке аша элек. Гумандуулук принцибине таянуу менен одоно мыйзам бузгандар өмүр бою эркинен ажыратылып келет.

Басылманын маалыматы боюнча өлүм жазасы Шри-Ланкага Филиппиндердеги абалдан улам кайтарылган. Ал жакта эки жылдын ичинде баңгизатка каршы күрөшүү аракеттеринин натыйжасында 5 миңден ашуун киши каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0