Ишембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Jeff ChiuКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынчы күнү көпчүлүк жерлерде жаан жаап, карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 6-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөп, тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +12…+17 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +17…+19, Бишкекте +15…+17 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0