Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДжайлоо Иссык-Кульской области
Джайлоо Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшемби күнү тоолуу райондордо жаан жаайт.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас облусунда +19…+24 градуска жетет.

Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунда күндүн табы +21…+26 градуска жетет.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы эки шаарда тең +23…+25 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0